Өзгөндө 18 үйдүн короосун суу каптады (фото)

Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагында катуу жааган жаандан улам 18 үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-май күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Кандава каналынан суу ашып, Коммунист тилкесинде 15 турак үйдүн короосун каптап, 1 турак үйдүн жер төлөсүнө суу кирген. Ошондой эле Тынчтык айылында 3 турак үйдүн короосун каптаган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине Өзгөн райондук бөлүм башчысы, райондук жарандык коргонуу комиссиясы, 1 жүктөгүч, №53-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Мырзаке айыл аймагынан тартылган 1 даана жүктөгүч менен Кандава каналынын суусун Жазы дарыясына буруу иши жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан