Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында селден кийинки абал оор

Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтү селдин кесепетинен катуу жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси Эрмек Бахавадинов билдирди.

"Лейлек районунда жүргөн селден Кулунду айыл өкмөтүндө абал оор болуп жатат. Себеби көпүрөнү сел алып, суунун деңгээли улам көтөрүлүп, туш-тараптан агууда. Учурда айылда таза суу жана сугат суу берүү токтотулду. Сел бир канча эгин талааларын да алып кетти. Электр мамылары жыгылып, айылда жарык өчүрүлгөн. Акыркы маалыматтар боюнча, 30 үйдүн короосун суу каптап, анын ичинен 20 үйдүн ичине чейин суу кирген. Учурда ӨКМнын кызматкерлери жеринен иштеп жатышат", - деди Бахавадинов.

Айта кетсек, Лейлек районунда 13-май күнү кечки саат 16:00дөн 17:30га чейин катуу жамгыр жаап, сел жүргөн. Анын кесепетинен дамбалар бузулуп, ички чарбалык жолдор, арыктар талкаланган. Андан сырткары Исфана шаары, Сумбула, Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кулунду, Бешкент, Маргун айыл аймагындагы айрым үйлөрдү суу каптаган. Селден улам Ак-Суу айыл аймагында Шор-Булак сайынан сел жүрүп, Чимген айылында 2 турак үйдү суу каптаган. Жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюу максатында бир жүктөгүч унаа тартылган. Ошондой эле Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Ак-Чайыр балдар интернатынын жер төлөсүн суу каптаган. Саат 18:35те Лейлек райондук №74-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана 6 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek.Svoboda.
2018-05-14 12:27:38
Өнүгүүнү айылдан баштайбыз деп кагаз га жазып койуп окуп койушкан эле иш жүзүнө качан ашырышат экен?!
+5
Gulnyr19
2018-05-14 18:34:04
Эптеп салышкан көпүрөлөрдү да бир сел келгенде бузуп кетет. Аллахым ар түрдүү кырсыктан асырасын
0
Hacker99
2018-05-15 09:53:32
Йооо маё каналдагы сууго, ошондо айылда суу токтодубу? негизи 4-суроттогу жер копуронон ылдыйкы жол туз болчу ал жерди да сел жыртып кетиптир го. Эххх айылым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан