Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен 12 турак үйдүн короо-жайын суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
"Бүгүн, 14-май күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кашка-Жол айыл аймагында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен Октябрь айылынын Терек-Суу тилкесиндеги Ак-Турпак каналынан суу ашып, 12 турак үйдүн короо-сарайын жана 1 турак үйдүн ичине чейин суу каптаган. Учурда ӨКМнын Кара-Кулжа райондук бөлүм башчысы жана жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда. Дагы кошумча маалымат берилет", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Айта кетсек, Лейлек районунда 13-май күнү кечки саат 16:00дөн 17:30га чейин катуу жамгыр жаап, сел жүргөн. Анын кесепетинен дамбалар бузулуп, ички чарбалык жолдор, арыктар талкаланган. Андан сырткары Исфана шаары, Сумбула, Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кулунду, Бешкент, Маргун айыл аймагындагы айрым үйлөрдү суу каптаган. Селден улам Ак-Суу айыл аймагында Шор-Булак сайынан сел жүрүп, Чимген айылында 2 турак үйдү суу каптаган. Жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюу максатында бир жүктөгүч унаа тартылган. Ошондой эле Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Ак-Чайыр балдар интернатынын жер төлөсүн суу каптаган. Саат 18:35те Лейлек райондук №74-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана 6 куткаруучу тартылган.