Бишкек шаарында жаңы курулуп жаткан соода борборунан 1 адам кулап кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан "Ала-Арча" соода борборунан 1 адам кулап түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда кулап түшкөн адамды ошол жердеги адамдар ооруканага алып кетип калышкан.
Ошондой эле редакцияга "Тез жардам" кызматынан аталган даректе адам кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн тастыктап, алардын кызматкерлери барганга чейин аны жарандар алып кетишкенин билдиришти.