Базар-Коргондогу автобекетте айылдашына бычак сайган 24 жаштагы адамдын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынды

Базар-Коргондогу автобекетте айылдашына бычак сайган 24 жаштагы адамдын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Базар-Коргон райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын купуялуулугу үчүн тергөө иштеринин жүрүшү тууралуу айта албайбыз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, 7-майда окуянын күбөсү "Базар-Коргондо маршруттук таксиден чыр чыгып, жүргүнчүлөрдүн бири далысына сайылган бычактан улам каза болду", - деп кабарлаган эле. Кийин Жалал-Абад ОИИБинен кылмышка шектүү кармалганын, ал маркум менен айылдаш экенин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
monster_high_98
2018-05-14 16:22:38
Видеосун коргондо эчкандай чыр чыкпай эле,эч себепсиз келип эле бычак сайып салганго,коруп алып аябай жиним келди айланада толтура адамдар турган как будто аларга сая тургансып баарысы качып кетиптир,биринчи сайганда эле жардам берип ажыратып калганда,балким маркум тируу калмак!Элестеткиле ал жигиттин ордунда биздин деле туугандарыбыз болуп калышы мумкун эле!А куноокорду татыктуу жазасын бергиле!Бул дагы жинди деген справка менен кутулуп кетпесин,ээх ата-энесине боорум ооруп турат
+7
monster_high_98
2018-05-14 16:24:20
Эми гана окуусун аяктап ата-энеси уулунун сыйын корчу убакта топурак кучактап отуруп калышты!Сабыр.Жаткан жери жайлуу болсун!
+4
aibars
2018-05-14 16:53:27
Баары видеокозомолго тушуп кылмышы так даана корунуп турат. Дагы эмнесин коргойт анын. Туз эле 35 жылга камап салыш керек.
+5
Aytur
2018-05-14 16:54:13
Сайган бала да жакыр уй булодон деп айтыштар бир уйдун жалгыз баккан бала экен эмнеге андай ишке барганына тан калып жатабыз деп аябай жоош болчу дешет
+1
tomly
2018-05-14 17:29:46
Aytur,сиз кай жерден болос
0
Aytur
2018-05-15 00:20:50
tomly,Жалал-Абад
0
Aman-moskva
2018-05-14 16:55:01
10 жылга камаш керек мындай айбан дарды
+1
States
2018-05-15 14:13:38
ХХХХХХ Муну окмот багат 20 жыл ошол турмодо чирип ол
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан