Жалал-Абадда 6 дүкөндөн акча уурдашкан деген шек менен 2 келин, 1 кыз кармалды. Биринин 1 жашка чыга элек баласы бар

Жалал-Абад облусун кыдырып, уурулук менен алектенип жүргөн 2 аял, 1 кыз кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы, Ноокен районундагы жана Таш-Көмүр шаарындагы дүкөндүн ээлери алардын ири суммадагы акчаларын белгисиз 3 кыз уурдап кетишкенин айтып кайрылышкан. Алар сатуучуларды алаксытып туруп акчасын уурдап кетишкенин айтышкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 2 аял жана 1 кыз кармалган. Алардын экөө үй-бүлөлүү болсо, бири турмушка чыга элек кыз болгон.

"Шектүү катары кармалгандардын экөө Кара-Көл шаарынын тургундары - 20 жаштагы Р.А. жана 22 жаштагы Р.М. аттуу келиндер. Р.М. аттуу келиндин 1 жашка чыга элек баласы бар. Үчүнчүсү 22 жаштагы А.А. аттуу Ала-Бука районунун тургуну, турмушка чыга элек, мурда "уурулук" фактысы менен соттолгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, ошондой эле башка уурулук фактыларына тиешеси бар же жок экендиги такталып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
rejepova
2018-05-14 17:44:26
Уятко шерменделер, бетин ачып койбопсунарда?
0
suyor
2018-05-14 17:53:06
Бетин ачып койсонор, акча уурдаткандар таанып арыз жазышсын
0
Mazi1280
2018-05-14 17:55:09
Бизде жошоонун оордугу жумуштун жоктугунун кесепети, жакшынакай кыз , келиндерибиз айла жоктон барды да
-4
ziash85
2018-05-14 18:18:20
Mazi1280,эмне болсо эле жашоонун оордугун айта бербей алты саны аман экен иш таап иштешсе болот да.азыр жумушчу издегендер жок эмес ,айлыгы аз болсо да адал акча менен тапкан акча ширин дейт
+2
KOCMOC
2018-05-14 18:21:51
Mazi1280, жокчулукка дагы башка себептерге шылтоолой бербегилечи. Алты саны аман, акыл-эси жайындабы иштесин. Оной оокатка конбой. Беттерин ачып койбопсунар да.
+1
OMURBEK.
2018-05-14 18:32:24
Mazi1280,азыркы заманда Жумуш жок десен уят
90 нунчу жылдарды айтса жарашат
А азыр Жумуш жок деген ал жалкоонун созу
+2
Baatirbek81
2018-05-14 19:43:21
Эмне дейбиз молатцы
0
maksaim
2018-05-14 19:49:56
Стойку ууру болуп кеттиго базары кыргыз дештен уялып калат окшойбуз жакында
0
Matahara1980
2018-05-15 02:13:27
Пол жууп иштесе деле акча тапса болот да, просто уурдап журуп кынык алып алышкан, эми эмне дейбиз уурунун ХХХХХХХ кууш дегендей кармалышыптыр, жазасын алышсын, 1 жаштагы баласына жалко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан