Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматкерлери Ош облусунун Алай районунун унаа жолунда баңгизат сакталган жер бар экендиги тууралуу маалымат алышкан.
"Аталган маалымат боюнча милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иш-аракеттерин көрүп, натыйжада Алай районунун Сары-Таш-Бор-Дөбө унаа жолунда жайгашкан, салынып бүтө элек пайдубалдын астынан 2 килограмм 720 грамм салмакты түзгөн кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар шектүү зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен алынган зат гашиш баңгизаты экендиги аныкталган. Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда", - деп айтылат маалыматта.