Бүгүн,
22-июнда Ош шаарынын жаштары арасында кичи футбол боюнча мелдеш башталды. Мелдешти ИИМдин Ош
шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгы Ош мэриясынын Жаштар комитети менен
бирге уюштурууда. Маалыматка
ылайык, бул спорттук иш-чара жаштар арасындагы кылмыштуулукту
алдын алуу, коомдук тартипти жөнгө салуу, мекенди сүйүү, улуттар
аралык биримдикти чыңдоо, сергек жашоого үндөө жана күч түзүмдөрү менен
коомчулуктун мамилесин жакшыртуу максатын көздөйт. Жарышта Ош шаарындагы күч түзүмдөрүнүн,
мекеме-ишканалардын, жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн
командалар беттешет. Анда 18-29 жаштагы оюнчулар атаандашат.