Шашылыш билдирүү! Нөшөрлөгөн жамгырдан улам өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү күтүлөт

15-16-май күндөрү нөшөрлөгөн жамгырдан улам өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү күтүлөт. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2 күн бою өлкөнүн аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, айрым тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. 15-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа каттамын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан