Кара-Сууда кичи автобус 16 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кетти
Ош облусунун Кара-Суу районунда кичи автобус 16 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кетти. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жол кырсыгы кечээ, 14-майда саат 18:00дөр чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагы аркылуу өткөн Ош-Эркечтам унаа жолунун 5-чакырымында катталган. Анда 54 жаштагы Ж.А. аттуу айдоочу Mercedes-Benz үлгүсүндөгү кичи автобусту башкарып бара жатып, 16 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кеткен. Жол кырсыгынан жабыркаган өспүрүмдү айдоочу ооруканага өзү жеткирген. Ал жерге Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери барып, иликтөө иштерин жүргүзгөн. Учурда унаа айып аянтчасына токтотулуп, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.