Ош шаарында 23 жаштагы жигит курулушу аяктай элек үйүнүн ичине асынып алды

Ош шаарында 23 жаштагы жигит үйүндө асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 13-майда болжол менен саат 16:30дар чамасында болгон.

"Ош шаарынын Озгур айылынын тургуну 23 жаштагы К.А. өзүнүн курулушу аяктай элек үйүнүн ичине асынып алган. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон жигит бир күн мурун Жалал-Абад шаарына тойго барып келген. Ал эми аталган айылда апасы жана бир туугандары менен жашаган. Атасы каза болуп калган. Окуя болгон учурда апасы жана туугандары үйүндө болгон эмес. Тактоо иштеринин негизинде каза болгон жигит эч жерде окубаганы жана иштебегени аныкталган. Анын жакындары медициналык экспертизадан баш тартып, доо арыздары жок экенин билдиришти", - дейт маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alixan-Nookat.2015
2018-05-15 18:55:57
Ушуга окшогон терс окуяларды интернет сайттарга чыгарбай эле койсо болмок көпчүлүгү ушундай терс көрүнүштөрдү көрүп окуп ушундай жаман иштерге барып жатат.
+1
aibars
2018-05-16 07:34:43
Мин кыйынчылык болбосун баарын сабыр менен женип уйронуш керек. Мени 20 жашымдан тагдыр каалаганындай калчады. Уйубуз жок, карызыбыз бир жарым миллион сом болуп кеткен. Окуумду таштап аран ушул 27 жашымда баарын тегиздедим. Сынып калган учурларым, жашоого болгон умут далай очкон. Бекем болуш керек.
+5
Nevestkaa
2018-05-16 09:57:53
aibars,азаматсыз буга да эрк керек.
+2
alhamdu
2018-05-16 15:04:57
Мин мертебе тообо кылайын. Жесе ашка,иштесе ишке тойбогон маалы экен эле.Атасы отуп кеткен болсо,апасына арка жолок,бир туугандарына канат болсо болмок экен.Олгон озунун шору дейт. Бирок энеси кантет омуру откончо ич ичинен эзилип.Алла кунолорун кечирген болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан