Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп Канатбек Бегалиев дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Канатбек Бегалиев 1984-жылы 14-февралда Талас облусунда туулган. Грек-рим күрөшү боюнча балбан, Олимпиада оюндарындагы байгелүү оорундун ээси.
2003-жылы – Азия чемпионатында коло медаль;
2006-жылы – Дүйнө биринчилигинде күмүш медалдын ээси;
2007-жылы – Азиянын чемпиону;
2008-жылы – Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынган.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп келген Канатбек Бегалиев 2017-жылдын 18-октябрында өз каалоосу боюнча кызматынан бошотулган.
Эске салсак, федерациянын биринчи вице-президенти катары буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу иштеп келген. Ал февраль айында Казакстанда чек арага жакын аймагында аткезчилик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция учурунда кармалган. Аны менен бирге 34 шектүү адам колго түшкөн. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.