Мигранттардын эсине! Орусияда мигранттардын каттоого туруусу 3 күнгө узартылды

Орусияда мигранттардын каттоого туруусу 3 күнгө узартылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 15-майда элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова кабарлады.

Маалым болгондой, чемпионат 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлуна чейин Орусиянын 11 шаарында (Москва, Санкт-Петербург, Казань, Сочи, Нижний Новгород, Самара, Калининград, Екатеринбург, Саранск, Волгоград, Ростов-на-Дону) өтөт. Андыктан үстүбүздөгү жылдын 25-майынан 25-июлуна чейин жогоруда белгиленген 11 шаарда коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн чаралар көрүлөт. Орусия президентинин жарлыгына ылайык, чет элдик жарандар өлкө аймагына кирген күндөн баштап 1 сутканын ичинде каттоого туруусу боюнча убактылуу эреже киргизилген. Бирок бир күндүк каттоого туруу үч күнгө узаргандыгын жана каттоого шаарлардын Көп функционалдуу борборлорунда турууга болорун Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы билдирди.

Буга байланыштуу элчилик менен Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн консулдук мекемелери жок шаарларда убактылуу жашап, иштеп жаткан жарандарга, диаспора өкүлдөрү жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлө турган шаарлар:

- Нижний Новгород (15-май);

- Волгоград (16-май);

- Казань (16-май);

- Ростов-на-Дону (17-май);

- Самара (17-май);

- Саранск (19-20-май);

- Сочи (20-21-май);

- Калининград (6-июнь).

Жолугушуулардын өтө турган орду, убактысы тууралуу төмөндөгү телефон номерлери аркылуу билүүгө болот:

Казань +7 (966) 260-97-60;

Сочи +7(988) 245-43-02, +7 (988) 286-51-20;

Нижний Новгород +7 (967) 713-67-37;

Самара+7 (927) 260-34-84,

Ростов-на-Дону+7 (960) 461-61-61, +7 (918) 528-81-85;

Волгоград+7 (961) 669-95-55;

Калининград+7 (952) 792-15-35;

Саранск +7 (925) 735-49-46.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
meni_kut
2018-05-15 18:04:36
жазып койгулачы эмне озгорду?
+2
Bolunbo.kyrgyz
2018-05-16 08:17:59
meni_kut, Быйыл орусияда ойдо жакта аты жазылган шаарларда фудбол отот. Ошого каттоого бир кундо туруш керек деген мыйзам чыккан эми ошол 3 кунго узартылыптыр. Негизи 1 ай болуш керек эле ЕАЭБке кирген мамлекеттерге
+1
meni_kut
2018-05-15 18:05:10
кандай жаны эрежелер кошулду дагы?
+1
munar1980
2018-05-15 20:49:37
Менин тушунугум боюнча 3 сутканын ичинде регистратцияга туруш керек мурда 1 сутканын ичинде туруш керек эле ошону 3 суткага узартыптыр
+8
jugorsk
2018-05-16 00:48:51
Питерде деле кыргыздар
0
adilet_akamgo
2018-05-16 01:09:20
москвада рейд журуп атабы
+5
Nevestkaa
2018-05-16 09:40:04
Кайра кайра текшере берип тойгозушту го,качан бейкапар тынч жашайт экенмин кудайым мага сабыр берсе экен тонналап.
+4
ilbirs
2018-05-16 14:21:16
Nevestkaa,бейкапар жашоо учун Кыргызстанга кетуу керек.
+3
Nevestkaa
2018-05-16 15:07:23
ilbirs,Кырг.барсам 10 000 айлыгым болсо эле карыш жылбайт элем го брат. (((((((((((((((((((((
0
Elnura08
2018-05-16 18:31:04
Nevestkaa.азыр ошол 10,000сомду Кыргыз да деле таап жатышат,даже андан кобурок айлыктар бар,иштесен болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан