Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 15-майда Октябрь районунун тургундары менен жолугушууда аны кызматтан кетирүүгө кимдер кызыкдар болуп жатканын атады. Анын айтымында, кызматтан кетирүү аракети атайын жасалып жатат.
"Менин мэр болуп иштегениме 2 жылдан ашты. Бул аралыкта көп кабаттуу үй салуу үчүн мыйзамсыз түрдө жер берген эмесмин. Менин ушундай аракетим Бишкек шаардык кеңешинин айрым депутаттарына жакпай калды. Ошондуктан мени кетишиме кызыкдар болушууда", - деди шаар башчысы.
Белгилей кетсек, 14-майда активисттер "Биз тумчугуп баратабыз" деген аталыштагы митингге чыгып, Албек Ибраимовдун кызматтан кетишин талап кылышкан.