Аалымдар кеңеши: "Ай көрүнбөгөндүктөн Рамазан айынын башталышы өзгөрүүсүз калды"
Рамазан айынын башталышы өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 15-майда Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абибилла Кадырбердиев кабарлады. Анын айтымында, ай көрүнгөн жок.
"Айдын көрүнүүсүн карадык, бирок көрүнгөн жок. Ошондуктан Аалымдар кеңеши Рамазан айынын башталышын өзгөртүүсүз калтырды", - деди Кадырбердиев.
Белгилей кетсек, буга чейин Аалымдар кеңеши 2018-жылдагы Рамазан айынын башталышын 17-майга белгилеп, айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмаланып калышы мүмкүн экендигин эскерткен.
Орозо айынын календары бул жерде.