Бүгүн, 16-майда "Алай" футбол клубу Түркмөнстандын "Ахал" клубу менен Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо 6-турдун алкагында кез келет.
Бул беттеш "АФК кубогу 2018дин" алкагында "Алай" жана "Ахал" клубдары үчүн соңку оюн. Ал эми "D" тайпасынан кийинки баскычка ким чыгары "Истиклол" жана "Алтын-Асыр" командаларынын беттешинен кийин белгилүү болот.
Оюнду кореялык калыстар тейлейт.
Бүгүнкү беттеште "Алай" сары, ал эми "Ахал" ак түстөгү футболка менен оюн өткөрөт. Оюн саат 17:30да башталат.
Айта кетсек, 5 турдун жыйынтыгында "Истиклол" 14 упай менен сап баштап келе жатат. "Алтын-Асыр" 11 упай менен 2-орунду ээлесе, "Ахал" 4 упай менен 3-орунда. Ал эми "Алай" командасы упайсыз 4-орунда жайгашкан.