Билим берүү министри окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу маселеси чечилип жаткандыгын айтты

Окуу жылынын башталышы 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдырылышы мүмкүн. Учурда бул маселе чечилип жатканын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 15-май күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн кеңешмеде билдиргенин өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Кудайбердиеванын айтымында, окуу жылынын башталышын которуу балдардын ден соолугуна да пайдалуу болот.

"Биздин жаратылыш шарттарыбызды эске алуу менен окуу жылынын башталышын которуу сунушу балдардын ден соолугуна да пайдалуу. Алар жылуу мезгилди толук кандуу эс алуу үчүн натыйжалуу пайдалана алышат. Ошондой эле окуу процессинин башталышын которуу туризмди өнүктүрүүгө оң таасирин берет. Эгерде окуу жылынын башталышы 10-сентябрга жылдырылса, тийиштүү түрдө, окуу жылы 31-майга дейре узартылат. Ошол эле учурда окуу жылынын которулушу мугалимдердин сааттык жүктөмүнө жана эмгек акысына таасирин тийгизбейт деп ишендирип кетем", - деди министр.

Белгилей кетсек, окуу жылын 1-сентябрдан 15-сентябрга жылдыруу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган. Мындай демилгенин максаты туристтерди тейлөөнүн мөөнөтүн узартуу, балдардын кенен эс алуусуна жана ата-энесине түшүм жыйноого жардам берүүсүнө шарт түзүү катары түшүндүрүлгөн.

Бирок атайын түзүлгөн жумушчу топ окуу планы боюнча бир канча ай анализ жасап көрүп, окуу жылын 15-сентябрдан эмес, 10-сентябрдан баштаса туура боло тургандыгын чечкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
guljigitt
2018-05-16 08:43:20
Эс алып жата бергиле
+1
din_tomas
2018-05-16 09:18:52
Туура эле, окуучулар сентябрдын жарымына чейин мектепке деле барышпайт, жыйым-теримге жардам беришип, азыр айылда негизги жумуш күчү окуучуларда эле, күчкө толгон жаштар чет жерде
+2
Ermekbai
2018-05-16 09:46:51
din_tomas,сентябрь жыйым терим болсо май эгин эгүү башталган болот. 1-сентябрдан башталганы эле оң.
+1
Almazbek81
2018-05-16 09:26:15
Билим беруу министириге кантип кайрылса болот?мектептеги акча чогултмай качан токтойт азыр биринчи класска баратурган окуучулардан 2500сомдон алып жатат.
+7
Ermekbai
2018-05-16 09:48:58
Almazbek81,министерствонун ватсап номери +996700744748 ушуга жаз. Милицияга жаз.
+1
gulmira12345
2018-05-16 10:24:24
5/2 кылып койсонор жакшы болмок 1кун дем алыш аздык кылат
0
BekAmir
2018-05-16 15:29:46
Туура эле мен колдойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан