Ош шаарында окуучу кыздар мушташкан окуя боюнча Ош ШИИБи иликтөө иштерин баштады. Бул боюнча Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын апрель айынын биринчи жарымында болгон.
"Окуучу кыздардын мушташы алгач социалдык тармакка тараган. Бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнүн негизинде кыздардын өздүгү аныкталды. Мушташкан кыздар Ош шаарындагы мектептердин биринде окушат. Окуядан кийин кыздардын ата-энелери өз алдынча жарашып алгандыгы да белгилүү болду. Ал эми мушташкан кыздарга буга чейин да Ош ШИИБинин жашы жетелек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан начар жүрүм-турумдары үчүн эскертүү берилген. Бүгүн укук коргоо органдары аталган мектепке барып, окуучу кыздар жана алардын ата энелери менен маектешүү жүргүзөт. Күнөөлүүлөр аныкталса, мыйзам чегинде жазаланат. Ал эми мындай фактыга жол берген жана өз кызматына кайдыгер мамиле жасаган милиция кызматкерлери болсо, алардын дагы жоопкерчилиги каралмакчы", - деди басма сөз кызматы.