Прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 15-майда Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, министрлик 2017-жылдын июнь айында Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун имаратына кошумча имарат куруу боюнча сынак жарыялаган. Сынактын жыйынтыгында "Э.С.С." ишканасы жеңүүчү деп табылып, калган катышуучулардын документтеры сынактын талабына ылайык келбейт деген негизде четтетилген. Тилекке каршы, текшерүү учурунда сынактан четтетилип калган ишканалардын бири эң арзан баа сунуштаганы, анын документтери талапка жооп бере турганы аныкталган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери ага карабай кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, "Э.С.С" ишканасын жеңүүчү деп тапкан. Жыйынтыгында мамлекет ири суммадагы материалдык чыгымга учураган.

Фактынын негизинде министрликтин кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренелери (мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) менен кылмыш иши козголду.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан