"Орто-Сай" базарына жарылуучу зат коюлду деп элди коркуткан адам изделүүдө

Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарына жарылуучу зат коюлду деп соодагерлерди коркуткан адам изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтусуна караганда, бүгүн, 16-майда саат 12:30дар чамасында 102 кызматына "Орто-Сай" базарына жарылуучу зат коюлган деп сатуучуларды белгисиз адам коркутканы тууралуу билдирүү келген. Учурда милиция кызматкерлери аталган жерде ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле жалган маалымат тараткан адамды издөө иштери жүрүп жатканын айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан