Бүгүн, 16-майда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго, мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновго, мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге чечим чыгуусу күтүлүүдө. Алардын тарапташтары сот имаратынын алдында чогулуп, айыпталып жаткандардын күнөөсүз экенин айтып, актоону соттон талап кылышууда. Отурум саат 14:00дө башталуусу керек эле. Бирок белгиленген убакыттан бир сааттай өтсө да баштала элек.
Эске салсак, Башкы прокуратура 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнү аяктап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Карганбек Самаковго карата "коррупцияны уюштуруу", Жаныш Бакиевге жана Курманбек Бакиевге карата "коррупцияга көмөктөшүү", Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго жана алардын 4 адамына карата "коррупцияны кошо аткаруучулук" беренелери боюнча айыптар тагылган. Өкмөттүн "Кыргыз Республикасынын Аламүдүн районунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө" мыйзамсыз токтомун чыгарганы үчүн мурунку премьер-министр Игорь Чудиновго, мурунку биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурунку айыл чарба министри А.Ногоевге карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.