Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт ашуусунда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус оодарылып кетип 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Калыс Өмүрзаков билдирди.
Анын айтусуна караганда, унаа Жумгалдын Өрнөк айылынан Бишкекти көздөй келе жаткан. Анда 17 жүргүнчү болгон.
"Жол кырсыгы 15-май күнү саат 23:00 чамасында болгон. Анда кичи автобус жолдон чыгып кетип 20 метр аралыкка оодарылып, 3 жарым метр коктуга кирип барып агып жаткан сууга оң капталы менен туруп калган. Натыйжада 7 адам жаракат алган, алардын бири 5 жаштагы бала. 4 адам Жумгал аймактык ооруканасына, калган үчөө Бишкек шаардык №4-ооруканага жаткырылган", - дейт маалымат катчы.
Ал белгилегендей, учурда окуя боюнча тиешелүү кызматкерлер иш алып барууда.