Испаниянын "Атлетико Мадрид" клубу Франциянын "Марсель" клубун жеңип, Европа Лигасынын 2017/18-жылдагы чемпиону болуп калды.
Финалдык беттеш 16-майдан 17-майга караган түнү Лион шаарында өтүп, оюн 3:0 эсебинде жыйынтыкталган. Беттештин 21инчи жана 49-мүнөттөрүндө Антуан Гризманн гол киргизип дубль жасаса, 88-мүнөттө "Марселдин" дарбазасына үчүнчү голду Габи Фернандес киргизген.
Бул жеңиш "Атлетико" үчүн Европа Лигасындагы үчүнчү жеңиши болуп калды. Алар буга чейин 2010-2012-жылдары жеңген.