Ырчы Чолпон Талипбек ди-джей болуп иштеп баштады
"Нон-Стоп" дуэтинин экс-ырчысы Чолпон Талипбек ди-джей болуп иштей баштады. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.
"Радиодо иштөө мага жаңылык эмес. Буга чейин "Европа+" радиосунда 1 жыл ди-джей болуп иштегем. Ал эми "Тумар" радиосуна чакыруу болгондо макул болдум. Себеби бул кесип мага чоочун эмес. Учурда Азамат Эркинбаев менен бирге "Таңкы шоу" программасын алып баруудамын", - дейт ал.
Белгилей кетсек, мындан 8 жыл мурда кыргыз эстрадасында "Нон-Стоп" аталышындагы дуэт түзүлгөн. Аталган топтон тапталып чыккан Чолпон Талипбек 2018-жылдан тарта жеке ырчы катары "Көйрөң жигит", "Ищу тебя" деген чыгармаларын жаздырган.