Мамлекеттик тууну курулуш таштандыларын чогултууга пайдаланган кызматкерге 10 миң сом айып салынды

Ош шаардык соту "Сулайман-Тоо" музейин оңдоп-түзөө иштеринде мамлекеттик тууну курулуш таштандыларын чогултууга пайдаланган кызматкерге 10 миң сом өлчөмүндөгү айып салды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык сот өкүмдү 10-майда чыгарган.

"Ош шаардык сотунун өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренеси (мамлекеттик гербди же мамлекеттик туусун мазактоо) менен айыпталган М.М. угузулган айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 10 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Эске салсак, "Сулайман-Тоо" музейинде оңдоп-түзөө иштеринде жерге төшөлгөн туу интернетте кызуу талкууга алынган. Бул сүрөттү "Сулайман-Тоо" музейинин мурдагы кызматкери Аширали Маразыков интернетке жүктөп, өлкөнүн башкы символунун тебеленишине музейдин учурдагы жетекчилигин айыптап, аны жазага тартууну талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Toktakunova22
2018-05-17 11:34:44
Өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак анан бизди ким сыйлайт? Ушунчалык да карангы адамдар болобу. Андан да көбүрөөк штрафты андан да көп салыш керек болчу.
+3
asad9
2018-05-17 13:08:45
Малдан айырмасы жок иттер да. Соттош керек буларды. Ушундайлардын айынан мамлекетибизде тынчтык жок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан