Ош облусунун Араван райондук соту диний сабактарын үйрөтүп, Сирия өлкөсүнүн аймагына барууга үгүттөгөн шектүүлөргө өкүм чыгарды.
Маалыматка ылайык, өкүм 4-майда чыгарылган.
Араван райондук сотунун өкүмү менен соттолуучу С.С. Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (улуттук, расалык, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу иштерин уюштуруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылды. Жазасын жатак абалында өтөөсү көрсөтүлүп, бөгөт коюу чарасы мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта бойдон калтырылды.
Ал эми соттолуучу С.С. жана анын кылмыштуу шериги М.у.М. Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси (жалданмачылык) боюнча эч кандай далил табылбагандыгы үчүн акталышты. Башкача айтканда, соттолуучулар жалданмачы болгон адамга террорчулук же экстремисттик кылмыштарды даярдаганы, материалдык жактан камсыздоосу, согуштук аракеттерге катышуусу боюнча соттук териштирүүдө эч кандай далил табылган эмес. Ошондой эле турак жайларына тинтүү жүргүзүүдө далил буюм катары бычак, атылуучу курал-жарактар алынган эмес.
Эске салсак, соттолуучулар С.С. жана М.у.М. 2012-жылдан 2017-жылга чейин өзүнүн ислам диний «хужрасында» Ноокат районунун тургуну М.Н. аттуу жаранга диний сабактарын окутуп, исламдын радикалдык жактарын үйрөтүп, Сирия өлкөсүнүн аймагында өтүп жаткан куралдуу кагылыштарга катышууга үгүттөп келген. Ошону менен бирге соттолуучулар М.Н.га араб тилин үйрөтүп, бычак жана атылбас курал-жарактарды колдонууга машыктырышкан. 2017-жылдын июнь айында М.Н.га Сирия өлкөсүнө баруу маршрутун түшүндүрүп, жол чыгымына 5000 сом берип Орусия Федерациясына жөнөтүшкөн. Ал Москва шаарына жеткен кезде Сирияга баруу максатынан баш тартып, бара жаткан таксиден түшүп качып кеткен. Мындан улам С.С. жана анын шериги М.у.М.нун кылмыштуу ою ишке ашкан эмес. УКМКнын Ош облустук кызматкерлери тарабынан С.С. жана М.у.М.нын турак жайлары тинтүүгө алынган. Тинтүү жүргүзгөн учурда диктофон, 8 араб тилиндеги китептер, нетбук, 5 даана DVD компакт дисктери табылган. Табылган дисктер дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан Кыргыз өлкөсүнүн аймагында тыю салынган маалыматтарды камтыганы тастыкталган.
Соттолуучулар: С.С. 1961-жылы Араван районунда туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес, Кылмыш-жаза кодексинин 299 жана 375-беренелери менен айыпталган. Бөгөт коюу чарасы 2018-жылдын 2-февралынан бери камакта.
М.у.М. 1993-жылы Араван районунда туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес, Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси менен айыпталып, бөгөт чарасы 2018-жылдын 2-февралынан бери камакта.