Ош облусунун Араван районунда катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, 20 турак үйдү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-майда саат 11:30дар чамасында Араван районунун Али Анаров айыл аймагында катуу жааган жаандан кийин сел жүрүп, 20 үйдүн жана мектеп, бала бакчанын короосун каптаган. Ал жерге 1 трактор тартылып, учурда сел каптаган жерлерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүлүүдө.