17-майдан 18-майга караган түнү Бишкек шаарындагы мечиттердин биринде өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Махатма Ганди жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечитте өрт чыгып, мечиттин чатырынын 1 миң 300 чарчы метри күйүп кеткен. Кырсык тууралуу маалымат 00:05тер чамасында келип түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн 3 унаа тартылып, тилсиз жоо саат 02:40та толук өчүрүлгөн.
Учурда кырсыктын себеби такталууда.