Бишкек шаарындагы батирлердин биринен адамдын жансыз денеси табылды

Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы батирлердин биринен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-майда саат 16:45 чамасында Фатьянов көчөсүндөгү көп кабаттуу батирлердин биринин эшигин ӨКМнын кызматкерлери ачып берген. Ал эми батирдин ичинен 59 жаштагы Г.Э. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине тапшырылган.

Ал эми Бишкек ШИИББинен SUPER.KG порталына 59 жаштагы адам белгисиз себептерден улам каза болгонун билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AzKumFerDan
2018-05-18 13:32:26
Киши колду болуптурбу.мункун жүрөгү кармап
0
aerforce
2018-05-18 23:41:09
акыркы күндөрү ар жумада угуп жатабыз кудай сактасын киши колдуу болбой жатабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан