2018-жылдын алгачкы 4 айында жол кырсыгынан 167 адам каза болду

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 4 айында жол кырсыгынан 167 адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын алгачкы 4 айында өлкө аймагында 1 миң 580 жол кырсыгы катталган. Анда кырсыктын кесепетинен 167 адам каза болуп, 2 миң 261 адам жаракат алган. Каза болгондордун жыйырмасы - балдар. Ошондой эле жаракат алгандардын арасында 360 бала бар.

Мындан сырткары басма сөз кызматынан өлкө аймагында 4 айда жалпы 367 миң 350 жол эрежелерин бузуу катталганын кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pamirlan
2018-05-18 12:44:32
Ошо баягы эле корупция. Жолдор туура эмес салынган. Акча м.н кутулуп кетишет
0
BoDiNur
2018-05-18 14:36:31
Жол кырсыгы да алаамат болду го, жол кырсыктарынан эле кырылмай болдук. Чынын айтсам машинага чыгууга журок калган жок
+1
abon
2018-05-19 20:50:13
Аллахтын айтканы болот,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан