Бишкекте "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында орнотулган видеокөзөмөлдөргө 70 миңге чукул жол кыймылын бузуу жазылган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтуусуна караганда "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында орнотулган видеокөзөмөлдөргө 69 миң 848 жол эрежелерин бузуу жазылып калган. Бирок азыр ал видеокөзөмөлдөр тесттик режимде иштеп жаткандыктан, жол кыймылын бузган айдоочуларга айып пулдар төлөтүлгөн эмес.