ЖЫЛНААМА, 19-МАЙ: "Орусияны жек көрөм" деген британиялык ырчы Сэм Смит 27 жашка толду

Бүгүн британиялык ырчы жана аткаруучу Сэм Смит (толук аты-жөнү Сэмюэл Фредерик "Сэм" Смит) 27 жашка толду. Ал 1991-жылы 19-майда Лондондо төрөлгөн.

Апасы Кейт Кэссиди банк кызматкери болгон. Бирок баласынын музыкалык билим алуусуна жетиштүү убакыт бөлүү үчүн жумуштан кеткен.

Сэм Смит орто мектепте окуп жүргөндө жаштар музыкалык театрына барып кошумча билим алган. Бирок белгилүү композитор Жоанна Иденден вокал боюнча сабак алып, фортепианодо ойноо үчүн театрдан кетип калат. Музыкалык билим алуу менен катар Лондондогу барда бармен болуп иштеген. Музыка дүйнөсүнө аралашуу үчүн акча топтоп, бир нече менеджерлерди издеген. Бирок жыйынтык болгон эмес.

Музыка дүйнөсүндө ийгиликке жетпейм деп көңүлү сууп калган ырчыга ийгилик жылмайган. Тактап айтканда, 2013-жылы жарыкка чыккан "Lay Me Down" чыгармасы "Disclosure" дуэтине жагып калат. Аталган топ Сэм Смит менен "Latch" чыгармасын жаздырып, бул композиция британиялык чарттан 11-орунду ээлеген.

Ушундан кийин белгилүү актаруучу Naughty Boy (Шахид Хан) менен иштешип, "LaLaLa" деген хит чыгармасын күйөрмандарына тартуулайт. Бул ырга тартылган клип 200 миллион ирет каралган.

2013-жылы жылдызы жанган Сэм Смит алгачкы ыр жыйнагын чыгарат. Анын ыр топтомдору Европа, АКШ, Австралия, Жаңы Зеландия жана башка өлкөлөрдүн хитине айланат.

2017-жылы "Too Good аt Goodbyes" чыгармасы Британиянын күмүш синглы деп табылган. Ушул эле жылы Сэм Смиттин "The Thrill Of It All" альбому жарыкка чыгып, 60 өлкөгө тараган. Альбомго болгон суроо-талап көп болуп, 230 миңден ашуун нускасы сатылган.

Атактуулуктун туу чокусуна жеткен Сэм Смит: "Мен Орусияны жек көрөм. Ал өлкөгө эч качан барбайм. Ал жакта кумсаларга өтө начар мамиле жасайт. Ал нерсе менин жинимди гана келтирет", - деп билдирген. Анткени ырчы эркек киши менен мамиле куруп келет.

19-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Simels
2018-05-19 01:23:22
Европа ГЕИлерге толуп кеткен. Орустар туура кылат ушуга окшогондорго начар эле мамиле кылыш керек
+23
Peri.jo
2018-05-19 01:29:39
Аялдын неге , эркекти неге жаратты анан... Оа Эми албетте ар Ким ар кандай дегилечи, бирок туура эмес да мусульман болсон да, христиан болсон да, буддист болсон да
+4
bond02
2018-05-19 02:03:56
Биз жакка да келе корбо анда, биз да сендейлерди жек коробуз.
+17
Angel92
2018-05-19 02:20:06
Мен да аявай жаман кором.Айла жок гана журом Москвада(
+6
Stervashka
2018-05-19 02:27:27
Орустардын оздорунун гейлери толтура ошон учун. Чет жерден келгендерди да жаман коргону да, корбогону да бар.
+3
Omurbek998
2018-05-19 04:14:38
Улуттун емес адамдын жаманы болот бирок орустардын кобу жаман
0
aijan.borkoshova
2018-05-19 07:27:52
Орустар гейлерге жаман маииле кылса жакшы да ,
+5
asha302
2018-05-19 12:02:28
aijan.borkoshova,гейлерди кой кыргыздаргачы кандай мамиле кылат Маскөөдө?
+4
AKCAHAT
2018-05-19 19:20:39
aijan.borkoshova, гейлерди койуп жонокой эле адамдарга жакшы адамча мамиле кылганды билишбейт, Москвада? Азияттарды батырбай аран журушот)))
+3
Birimdik5555
2018-05-19 13:18:33
Анда мулсулман олколоруно барсан сени кууп эле чыгышат го концертинден
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан