Кара-Көлдө унаа 7 жашар баланы сүзүп кетти. Баланын атасы айдоочуга доосу жок экенин айтат

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Жигули үлгүсүндөгү унаа 7 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 14-майда саат 19:30дар чамасында катталган. Анда ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаанын алдынан 7 жаштагы бала жолго чуркап чыгып, алдыңкы сол эшикке урунган. Натыйжада ал Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Жабырлануучу Т.И. биринчи медициналык жардам алган соң ооруканадан чыгып кеткен. Ал эми анын атасы 33 жаштагы Т.Н. унаанын айдоочусуна карата арыз жазуудан баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Meni_unut
2018-05-18 18:22:41
Акча менен жаап койгонда.Кантип баланды машина сузсо арыз жазбай каласын.
+2
BoDiNur
2018-05-18 23:44:23
Meni_unut,Башка тушмойун айта беребиз ар нерсе деп, башка тушкондо башкача айтмаксыз. Аман калганына шугур кылып башкага да амандык тилеп каласыз
+2
Sanirabiga11
2018-05-19 02:11:35
Биз жакта да (Жалалабат) бир бала бир кызды машинасы менен сузуп олтуруп алганда, кыздын атасы Кудайдын иши деп арыз жазбаган
0
Pamirlan
2018-05-19 03:38:46
Ортодо менттер эле жыргайт экен. Акча жеп, чонтогуно карап мамиле кылып
0
surgeon777
2018-05-19 14:19:54
Рамазан айында Кудай деп жургон адам болсо керек,тем более балсы серьёзный жаракат албаса,озу чуркап чыкса..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан