19 жаштагы жаран башка адамга тийиштүү документ менен өспүрүм кызды өлкөдөн сыртка алып чыгып кетүүгө аракет кылган

Чүй облусунда 19 жаштагы жаран 14 жаштагы кызды башка бирөөнүн документи менен өлкөдөн алып чыгып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 19 жаштагы М.А. аттуу адам ишеним кат аркылуу жашы жете элек кызды чек арадан алып өтүүгө аракет кылган.

"Окуя кечээ, 17-майда "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү жайында болгон. Анда М.К. аттуу 14 жаштагы кыз паспорт текшерүүчү жайда, кызматкерлерге башка адамга таандык күбөлүк көрсөткөн. Андан ата-энесинин аты-жөнү менен жашын сураганда документте көрсөтүлгөндөн башка болуп чыккан. 19 жаштагы жаран кыз менен тууган экенин айтып, аны жакындарынын өтүнүчү менен алып бара жатканын айткан", - дейт Абдыкариева.

Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар тиешелүү мекемеге өткөрүлүп берилген. Ал эми Улуттук коопсуздук комитетине байланышканыбызда алар тууралуу 1 жумадан кийин гана маалымат беришерин, учурда бул иш тергөөдө экенин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан