Балыкчыда 33 жаштагы келин төрөт учурунда каза болду. Аркасында эгиз ымыркайы энесиз калды

Балыкчы шаарында 33 жаштагы келин төрөт учурунда каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 17-май күнү 33 жаштагы кош бойлуу келин оор абалда Балыкчы шаардык оруканасына келип түшкөн. Дарыгерлер келинди кесарево жолу менен төрөтүп жатышканда келиндин жүрөгү токтоп калган, жарыкка келген эгиз ымыркайды аман алып калышкан.

Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө башталган.

Балыкчы шаардык ооруканасынын башкы дарыгерине кайрылганыбызда, окуя боюнча пикирин кийинчерээк билдирерин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Pandora
2018-05-19 11:53:50
Кудайым озу сактасын,ар кимдин тапкан балдары оздоруно буюрсун...
+13
Pandora
2018-05-19 12:32:13
Pandora,Жаны торолгон баланы "Озунорго буюрсун"-дегенди укканда маанисине жакшы тушуно бербейт элем анан мага орой угулчу.Мынаа жанылыкты угуп маанисин тушунуп турам((((
+5
Pamirlan
2018-05-19 12:28:09
Иий каап жаман иш болуптур, жакындарына сабыр.
+7
rysik79
2018-05-19 14:44:41
Жамаан болуптуур... окуп алып ичим ачышты. балдары омурлуу бактылуу болушсун.
+8
Jojosh
2018-05-19 15:25:53
Ай кудайым ай. Энелек журогум зыркырап кетти го.... Ушу Балыкчынын ооруканасынын деги бир ызы чуусу бутпой койду..
+7
taalay25
2018-05-19 15:51:02
Бейишинен берсин, наристелердин омурлору узун болсун!
+6
Nevestkaa
2018-05-19 20:18:36
Байкуштар эне сүтүн тое эмбей,эне мээримине бөлөнбөй өсөт экенсиңер да.Жүрөк өтө опасный орган экен да,бул жерде врачтарда күнөө жок болуш кк алар кудай эмес да.
+3
Rifle_I
2018-05-19 21:36:59
Журналисттер маалыматты ортого жазыптыр го ? Охоо.
Ар дайым бир тараптуу жазылат эле :).
+2
progresskg
2018-05-20 17:39:11
Жеке менчик торот уйлор барбы Кыргызстанда? Мен ойлодум эле ошол идеяны, ошондой кылып ачса эмне болот деп. Эн жаны технология жана мед. аппарттар менен, професс. доктурлар менен деп. Азыр канча турат жонокой роддомдо торош учун, канча акча кетет, ким билет?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан