2017-2018-жылдагы Англия кубогун Челси футболдук клубу жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 19-майдан 20-майга караган түнү Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда финалдык беттеш орун алды. Финалда кубок үчүн Англиянын атактуу клубдарынын "Челси" менен "Манчестер Юнайтед" командалары ат салышты. Биринчи бөлүктүн 21-мүнөтүндө "Челси" командасынын чабуулчусу Эден Азардын чабуулун "Манчестер Юнайтед" жаатынын оюнчусу Фил Жонс эреже бузуу менен токтоткондуктан, калыс 11 метрдик айып тобун белгилеген. 11 метрлик соккуну Эден Азар ийгиликтүү ишке ашырып, каршылашынын дарбазачысы Давид де Хеадан мыкты болуп чыкты. Эсеп сандары 1:0, асман түстүүлөр алдыда. Оюндун экинчи бөлүгү "Манчестер Юнайтед" командасынын үстөмдүгүндө жүргөнү менен оюндун аягына чейин гол катталган жок. Оюндагы жалгыз гол менен "Челси" командасы чемпион аталды.
"Челси" командасы Англия кубогун өз тарыхында 8-ирет утуп алды.