Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн коргоочусу Валерий Кичин ойногон "Енисей" клубу тарыхында алгачкы ирет Орусиянын Жогорку Лигасы - Орусиянын Премьер Лигасына чыкты. Премьер Лигага чыгуу үчүн эки беттештен турган оюнда "Енисей" Махачкаланын "Анжи" клубу менен кез келип, алкачкы беттешинде 3:0 эсебинде жеңип алган. Жооптук оюн майдын 20сынан 21ине караган түнү орун алып, анда "Анжи" 4:3 эсебинде жеңишке жеткен. Жалпы эсеп 6:4, "Енисей" тарыхында алгачкы ирет Жогорку Лигага аттанды.Буга чейин Премьер Лигадан "Тосно" жана "СКА-Хабаровск" клубдары кетип, алардын ордуна Орусиянын улуттук лигасында биринчи жана экинчи орундарды ээлеген "Оренбург" менен "Крылья Советов" клубдары түз чыккан болчу.