Түптө окуучулар мушташып, эки бала ооруканага жеткирилди

Ысык-Көл облусунун Түп районунда окуучулар мушташып, эки бала ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мушташ 18-майда, Түп айылынын 11-классынын окуучулары менен аталган айылга Жалпы республикалык тест тапшырганы келген башка айылдын окуучуларынын ортосунда чыккан.

"Түп айылына Кең-Суу жана Байзак айылдарынын 11-классынын окуучулары ЖРТ тапшырганы келишкен. Аталган айылдын окуучулары менен жергиликтүү окуучулардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, натыйжада мушташ чыккан. Мушташтан кийин 2 адам ооруканага түшкөн. Учурда бул окуяга байланыштуу Түп райондук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Totyua.71.
2018-05-21 09:18:25
Дагы мугалим күнөлүү болуп чыга келет..
+1
Rolly
2018-05-21 09:29:23
Кыргыз озун озу кырып бутмой болду, ушулардын талашы не дейм да! Кургур 2001дин шумшуктору!
+5
Pchelka85
2018-05-21 10:26:57
Ой иий. Бул тема негизи буткус тема.. мен окууну 2002 жылы бутком. Биз деле ар кандай конкурстар, олимпиадалар менен Тупко келгенде "местныйлар" дурковать этип калышчу. Кыз, эркегине карабай.. Кайкина, Карла Маркасанын кыздары балдарынан да отчу... ьиздин убакта "коза ностра" деген кыздардын бандасы бар болчу... до сих пор помню Мадинасы бою узуун арык кыз болчу калп айтпасам 83 го.. анын жанында толук дагы бир кыз журчу 82 наврное.. иши кылып аябай эле дурковать эткен экоо
-1
Lion.
2018-05-22 06:50:07
Бул боло берет жана бүтпөйт))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан