Ош шаарындагы "Мен Ошту сүйөм" инсталляциясын кайрадан сындырып кетишти

Ош шаарындагы "Шаардык скверге" коюлган "I LOVE OSH" инсталляциясын сындырып кетишти. Бул тууралуу Ош шаардык "Жашылдандыруу" ишканасы социалдык тармактагы баракчасына жазып, сындыргандарды табууга жардам көрсөтүүнү тургундардан суранууда.

Маалыматта айтылгандай, инсталляция 19-майда сынган.

"Ош шаарындагы шаардык сквердеги "I LOVE OSH" инсталляциясы орнотулган күндөн бери бир нече ирет эс алуучулар тарабынан талкаланып, "Көрктөндүрүү жана жашылданыруу чарба комбинаты" тарабынан бир нече жолу калыбына келтирилген. Ага карабастан 19-май күнү кечки саат 20:00 чамасында белгисиз эс алуучу тарабынан кайрадан талкаланды. Инсталляцияны сындырган адамды кимде ким көргөн же билген болсо, бизге билдирип коюуңуздарды өтүнөбүз жана сквер, парктардагы туура эмес көрүнүштөргө көзүңүздөр түшкөн болсо, коомдук көзөмөлгө алууңуздарды суранабыз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Medinaa
2018-05-21 10:44:02
Не үчүн сындырат!?Камера барбы ал жерде?
-4
bek-94
2018-05-21 10:46:40
Акмактар
+1
fantomas
2018-05-21 10:57:52
Жалал-Абадда СДПКнын логотиби бар эле, ушундай нерседе, ХХХХХХХХХХХ анткени Атамбаев менен СДПК деген соз, мага ото эле жийиркеничтуу угулуп калды...
+4
Hotinhere123
2018-05-21 11:02:14
Жапайычылык
+3
nurik903
2018-05-21 11:05:10
бул ото жапайычылык башка элди коруп суктанасын арбир адам озунон башташ керек ...
+2
senchi
2018-05-21 11:05:24
Кармап туруп тийгизип койгула тийбей турган болушат
0
Begimay.emir1
2018-05-21 11:07:18
Айбандар
0
Dalil
2018-05-21 11:07:55
Соо киши жасабайт мындайды. Жапайы же аракка тоюп чочкого окшошкон макулук жасайт. Адам дегени оозуң барбайт.
0
Dembele84
2018-05-21 11:16:24
Жапайылардын колунан келет.Ал жазууда эмне куноо дейм да.Шаарга корк кошуп,копчулугу ошол жерден суротко тушот болчу.Котур малга окшоп ал жазууга кашынбай арыраак ойногулачы,суротко тушушту билбесен и муйузун кытышып атса!
0
erlan2196
2018-05-21 11:17:14
Токойдогу жапай индейцтер.
-2
fantomas
2018-05-21 11:19:10
Жасаса жон жасасын, СДПКсын кошпой!!! "Мен сени суйом СДПК, Мен сени суйом Жалал-Абад/Ош" дебестен...

Админ, Жалал-Абаддын мэриясынан сурап бергилечи, пусть ошол "I love you Jalal-Abad" деген нерседен СДПКнын логотибин алып салышсын... Болбосо СДПКны жек коргондор дагы бир кун талкалап кетишет...
-3
fantomas
2018-05-21 12:50:47
Минус баскандар СДПКчылар окшойт...

Болбосо инсталляцияда СДПКнын логотибинин орун алышы сандырактык экенин тушунушмок...
+1
pixduel1
2018-05-21 14:12:19
fantomas,туура айтасынар! Сдпк жасаса керек да)) же ошону колдогон мерия жасатканда))Биздин мерия соо дейсинерби,ошонун партиясы да)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан