Белгилүү америкалык ырчы Бейонсе АКШнын Жаңы Орлеан шаарынан 850 миң долларга чиркөө сатып алды. Мындай маалыматты чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, эми ырчыга таандык болгон чиркөө 1900-жылы курулуп, жалпы аянты 700 квадрат метрди түзөт. Чиркөө бир нече жылдан бери иштетилбей келген. Бир нече апта мурда аталган чиркөөдө ибадат жасалган. Ага 900дөн ашуун киши келгендиги айтылат маалыматта.
Ошондой эле ибадатканадан алыс эмес жерде Бейонсенин эжеси Соланж жашай турганы маалым болгон.