Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Digital CASA" - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуунун долбоору каралды. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар каражат алынууда. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, алынган каражаттын 18 миллиону курулуш тармагына, 11 миллиону тейлөө тармагына жумшалат.
Комитет мүчөлөрү макулдашуу Жогорку Кеңеште ратификацияланганга чейин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болууга тийиш экенин талап кылышты.
Шаршембиев каражаттын жоктугунан долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болбой жатканын белгиледи. "Техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо үчүн эксперттерге каражат төлөп бериш керек. Ратификация болгондон кийин баарын толугу менен көрсөтөбүз. Анда бүт жабдуулардын да баасы болот", - деди Шаршембиев.
Жыйынтыгында комитет тарабынан макулдашуунун долбоору жактырылды. Долбоор 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштап, насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө. Алгачкы 6 жылда насыянын комиссиялык төлөмдөрү гана төлөнүп турат.