Өлкөдө гитараны мыкты черткендер арасында сынак өтөт

"Аскар Салымбеков" коомдук фонду менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги биргелешип гитара сүйүүчүлөрдүн кароо-сынагын жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сынак 20-майдан тартып 1-июнга чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өтөт. Сынакка өлкөнүн бардык жарандары катыша алат. Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт.

"Кароо-сынакка катышуучулар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 2018-жылдын 1-июнуна чейин төмөндөгүдөй документтерди тапшырууга тийиш:

  1. Катышуу жөнүндө арыз;
  2. Паспортунун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  3. Аткарган эмгек стажы боюнча маалымат;
  4. Өзү жана чыгармачылыгы жөнүндө баяндама;
  5. Жашаган жеринин дареги жана уюлдук байланыштары.

Кароо-сынактын өткөрүлө турган күнү туурасында документтер толук кабыл алынгандан кийин Маданият министрлигинен билүүгө болот. Тандоодон өткөндөр 2018-жылдын июль айында Чолпон-Ата шаарында өтүүчү гала-концертке катышууга укук алат жана жеңүүчүлөргө байгелер ыйгарылат" ,- деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2018-05-21 17:07:02
Боло турган кундордун кун тартибин да жазып турунуздар урматтуу супер админ. Барып коруп келейли гитарчыларды..
0
zhaku2017
2018-05-21 17:30:20
Гитаранын унун уккан кандай сонун.
+1
kyrgyz.kg83
2018-05-21 18:34:51
Атамбаевтида чакыргыла 1-чи орунду сөзсүз алат
+5
arena2014
2018-05-21 23:23:44
Улан Осмон уулу алгаа!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан