Депутат Садык Шер-Нияз Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин 21-майдагы жыйынында КТРКнын байкоочу кеңешин сынга алды. Жыйында КТРКнын байкоочу кеңешинин 2017-жылы аткарган иши боюнча отчёту каралып, анын төрагасы Жыпар Жекшеевдин маалыматы угулуп жаткан. Депутат Садык Шер-Нияз аталган кеңеш өз ишин аткара албаганын белгиледи. Анын пикиринде, эфирден берилип жаткан маалыматтарга көзөмөл жүргүзүп, бир тараптуулукка тоскоолдук жаратуусу керек эле.
"Байкоочу кеңештин төрагасы айтып жаткан чарбалык иштер КТРКнын директорунун иши болсо керек. Ал киши жасаган жумуштарды биз жасадык деп отчёт берүүнүн өзү уят. Байкоочу кеңеш КТРКнын коомдук канал болуп сакталуусун көзөмөлдөсүн деп түзүлгөн. Бирок коомдук канал көпчүлүк учурда саясий каналга айланып кетти. Мисалы, Абдил Сегизбаев уюштурган "Белизгейтти” бир жума көрсөттү. Эч бир факты жок, кызылдай жалган маалымат. Экинчи тараптын пикири берилген жок, бир тараптуу гана кетип жатты. Айрым учурда башкы директорго президент, өкмөт же Жогорку Кеңеш тарабынан үстөмдүк жасалышы мүмкүн. Байкоочу кеңеш ошондой учурда “андай эмес, мындай болот" деп айта турган. Жыпар Жекшеевич, сизди демократиянын мыкты үлгүсүн көрсөтөт деп шайлап бергенбиз. Тилекке каршы, ал тилегибиз орундалбай жатат.
Эми оюн эле болуп жатат да. 6 ай мурун бир кишилерди айга-күнгө теңедик. Бүгүн кайра тескери буруп жатса, элдин деле башы айланып калат экен. Ошол жерде чыныгы аксакалдарыбыз болсо, ошол жерде отургандар туура сөздөрүн айтып турса, жок дегенде саясий маселелер жылма өтүп турмак да”, - деди Шер-Нияз.
Байкоочу кеңеш 15 адамдан турса, анын 5и президент тарабынан, 5и Жогорку кеңеш тарабынан, 5и жарандык коом тарабынан сунушталат.