ЖЫЛНААМА, 22-МАЙ: 15 жашында подиумду багындыра баштаган кара терилүү британиялык модель Наоми Кэмпбелл 48 жашка толду

Бүгүн 15 жашынан тарта подиумду багындыра баштаган кара терилүү британиялык супер модель жана актриса Наоми Кэмпбелл 48 жашка толду. Ал 1970-жылы 24-майда Лондондо төрөлгөн.

14 жашында мектепти таштаган Наоми Кэмпбелл Лондондогу "Italiа Conti" окуу жайына тапшырып, ал жактан бий, актёрдук өнөр, вокалдан сабак ала баштайт. Ошол убакта "Элит" моделдик агенттигинин кызматкери Бет Болдт кастингге чакырат. Болочоктогу топ-модель өткүрлүгү, эркинин күчтүүлүгү менен кастингден өтүп, Парижге сапар алат. Ушундан кийин ага мода дүйнөсүнүн эшиги ачылып, "Elle", "Time", "Vogue" журналдарынын биринчи беттерине чыгып, "Ralph Lauren", "Versace", "Dolce&Gabbana" фирмаларынын товарларын жарнамалай баштайт.

1994-жылы Америкадагы мода академиясы аны "Дүйнөнүн эң мыкты модели" деп тапкан.

Наоми Кэмпбелл мода дүйнөсүн багынтуу менен гана тим болбостон, актриса, ырчы, парфюмер, телеалпаруучу катары да өзүн көрсөтө алган. Ал комедия, драма жана документалдык жанрдагы 30дан ашык тасмага тартылууга жетишип, "кара пантера" деп атыккан.
Ал эми ырчы катары “Аял-бала” (1995) альбомун чыгарган. Анын ырчы Тоши менен аткарган "La, La, La, Love Song" сингли япониялык чартта 1-орунду ээлеген. Мындан сырткары топ-модель Майкл Жексон, Jay-Z, Ашер, Боб Марли сыяктуу белгилүү ырчылардын клиптерине тартылган.
2012-жылы Наоми Кэмпбелл канадалык модель Коко Роша жана чехиялык модель Каролина Куркова менен биргеликте "The Face" телешоусун ачкан.
Супер моделдин жүрөгүн багындырууга аракет кылган мырзалар өтө көп болгон. Бирок Наоми Кэмпбелл көпчүлүккө таанымал, ийгиликтүү мырзалар менен мамиле курган.
Алгач "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарынын ээси, америкалык актёр Роберт Де Ниро менен мамиле курган. 2008-жылы орусиялык жеке ишкер Владислав Доронин менен роман курган. Түгөйлөр 2009-жылы баш кошуу алдында турганда Владислав Дорониндин мурдагы жубайы менен ажырашуу маселеси чечилбей, той жылдырылган. Бирок модель 2013-жылы сүйүү мамилесине чекит коюлганын жарыялаган.
2018-жылдан баштап кара терилүү модель 35 жаштагы Скепта каймана аты менен таанылган англиялык рэпер Жозеф Жуниор менен сүйүү романын куруп келет.
Баса, Наоми Кэмпбелл көпчүлүктүн көңүлүн өзүнүн жүрүм-туруму менен буруп келген. Ал бир канча ирет сот залында сурак берген. Тагыраагы, 2004-жылы модель Миллисента Бертон аттуу үй кызматкерин жаакка чапкан. Ал эми 2006-жылы Анна Сколавинону телефон менен башка чапканы үчүн коомдук ишке тартылган. Башкача атйканда, 5 күн бою таштанды чыгарган гараждын полун жууган.
2008-жылы аэропорт кызматкерлерине кол көтөргөндүгү үчүн тиешелүү жазасын алган.
2009-жылы айдоочусун бутуна тепкен. Бирок айдоочусу сотко арыздануудан баш тарткан.
22-майга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zainidin96
2018-05-22 01:23:45
Ожор экенсинго аябай озунукун бербей турган кыз екен бул
0
AKCAHAT
2018-05-22 14:04:45
Акча коптурот болбосо караларды Ким тоготот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан