Ноокенде сел ата-баланы унаасы менен кошо агызып кетип, кырсыктан атасы көз жумду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда сел жеңил унааны айдоочусу менен кошо агызып кетип, ал каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-майга караган түнү ата-бала бара жаткан Матиз үлгүсүндөгү унаа сайдан өтө албай тыгылып калган. Аны чыгарууга аракет кылып жатышканда сайдан сел жүрүп, экөөн тең унаа менен кошо агызып кеткен. 1998-жылы туулган Р.М. селге акканда жээкте калган, аны мал карап жүргөн адамдар куткарып калышкан. Ал эми анын атасы М.Э. аттуу 1965-жылы туулган унаанын айдоочусунун жансыз денеси кийин төмөн жактан селдин агындыларынын арасынан табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pamirlan
2018-05-21 17:41:37
Жакындарына сабыр берсин. Кудай сактасын мындай окуя дан
+11
BoDiNur
2018-05-21 23:44:01
Кудайым боодо кырсыктан, мезгилсиз олумдон сакта
+2
madina.87
2018-05-22 08:09:23
Кудай сактасын!
Кырсык да,бейишин берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан