ЖЫЛНААМА, 22-МАЙ: Чыгармачылыгын радиодо ди-джей болуп баштаган "Руки Вверх" тобунун солисти музыкант Сергей Жуков 42 жашка толду

Бүгүн "Руки Вверх" тобунун солисти катары белгилүү болгон орусиялык музыкант Сергей Жуков 42 жашка толду.

Ал 1976-жылы 22-майда Орусиянын Димитровград шаарында төрөлгөн. 4 жашында хоккей оюнун ойной баштаган. Бирок музыкага жакын, ыр жандуу Сергей Жуков мектепте майрамдык кечелерди уюштуруп, аларды жетектеп жүргөн. 14 жашында "Вася" музыкалык тобунда ырдап калат.

"Руки Вверх" тобу 1991-жылы Сергей Жуков жана Алексей Потехин тарабынан Cамара шаарында "Европа плюс" радиостанциясында негизделген. Сергей аталган радиодо "Хит час" музыкалык программасын алып барып жүргөн болсо, Потехин "Потехинден Потешки" аттуу тамашалуу уктурууну даярдап жүргөн.

Алгач алар биргеликте "Дядюшка Рэй и компания" деген топту түзүшкөн. Топту түзгөндөн кийин өздөрүнүн стилин аныктай албай 5 жыл бою ар кандай багыттагы ырларды ырдап изденишкен.

1996-жылы Москвада продюсер Андрей Маликовго жолугушуп, ал аталган топтун директору болуп, топтун атын "Руки Вверх" деп өзгөрткөн. Топтун аты өзгөргөндөн кийин алар "Студент" жана "Малыш" деген жаңы ырларды жаратып, болуп көрбөгөндөй хитке айлана алышкан.

Ырлары хитке айлангандан кийин "Дышите равномерно" деген аталыштагы биринчи альбомун чыгарышкан. 1999-жылы "Руки Вверх" тобу "Русский радиохит", "Жылдын альбому" ("Альбом года") жана "Жылдын аткаруучусу" ("Исполнитель года") аттуу эки сыйлыктын ээси болсо, 2001-жылы "Жылдын ыры" деген наамга ээ болуп, диплом менен сыйланган.

"Руки Вверх" тобу 2006-жылдын август айында ишин токтоткон. Бирок 2012-жылы аталган топтун "Открой мне дверь" аттуу жаңы альбому жарыкка чыккан. Ага топтун мурун хитке айланып ырдалып жүргөн ырлары менен бирге Сергей Жуковдун жаңы жаздырган 9 ыры кирген. Бул альбомго кошумча иретинде жаңы үч клип тартылган. Жаңы альбомду жана клиптерди Сергей Жуков "Руки Вверх" тобунун атынан өзү жалгыз чыгарган.

2014-жылы "Фактор-2" тобу жана Тимур Вагапов менен биргеликте "Молчи" аталышындагы чыгармасын жарыкка чыгарат. Бул композиция хитке айланып, угармандары тарабынан миллион жолу көчүрүлгөн.

Сергей Жуков 2000-жылы Елена Добындо аттуу айым менен баш кошуп, түгөйлөр 2005-жылы эки ажырым жолго түшүшкөн. Ал эми 2007-жылы музыкант Регина Бурд ("ВИА Сливки" тобунун ырчысы, Мишель деген каймана ат менен таанымал болгон) менен чогуу түтүн булатып Ника деген кыздуу, Энжел жана Мирон аттуу уулдуу болушкан.

Музыкант 2017-жылы "Руки вверх" аталышындагы кыздардан турган футбол командасын карамагына алган. Муну менен гана чектелбестен Сергей Жуков - "Руссобит-М"нын компания жетекчиси, "IT Territory" компаниясынын негиздөөчүсү, "Руки вверх" бар-түйүнүнүн кожоюну, "REAL Records" компаниясынын башкы директору, "Тут найдут" коомдук сервисинин ээси жана "CupcakeStory" ("Любовь и Сладости") кондитердик ишканасынын жетекчиси катары да иш жүргүзүп келет.

22-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
vikidiki
2018-05-22 13:29:58
Балалык кезибиз..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан