Баткенде абактан чыкканына 10 күн боло элек уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тургундун 600 миң сомун карактап кеткен

Баткенде абактан чыкканына 10 күн боло элек 35 жаштагы адам тургундун 600 миң сомун унаасынан уурдап кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кадамжай районунун Жийделик айылында жергиликтүү тургундун токтоп турган Honda Accord үлгүсүндөгү унаасынын ичинен 600 миң сомун белгисиз адамдар уурдап кеткен.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышты жасоого шектелип, мурда 9 жолу соттолгон, кылмыш жасалардан 10 күн мурун абактан чыккан Талас облусунун тургуну 35 жаштагы К.Н. аттуу адам кармалган. Аны Талас шаарындагы бир батирде жашырынып жаткан жеринен кармашкан. Жанынан 8 огу менен тапанча да табылган. Сурак учурунда ал күнөөсүн толук моюнуна алды, учурда убактылуу кармоочу жайда кармалып турат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tursunbaev78
2018-05-21 18:38:59
Экинчи жолу кайталанып жатат ушундай окуя Таластан,Баткенге барып кылмыш жасаган
+1
abon
2018-05-21 18:39:16
эми кайра отурат экенда
0
Mers124
2018-05-21 19:57:01
Буга чейин 9 жолу соттолсо, онунчусун бошотпой эле койгулачы.Ушуга окшоп кирип чыккандарды, кара жумушка салбайсынарбы. Турмого кирип алып, жыргап жата берет.
+6
mister888
2018-05-21 21:28:25
бул кылмыштын бетин омурбек ащиралиевич ачкан ишинизге ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан