Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө Кыргыз-Өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл-өткөрүү бекетиндеги абалдын видеосу жүктөлдү.
Видеодон өткөрүү бекетинде жүздөгөн элдин кезек күтүүдөн тажап, күчкө салып өтүү аракетин жасап жатканын көрүүгө болот. Бирок элдин көптүгүнөн тыгын жаралып, андагы аялдар жерге кулап калган. Аларды кайра тургузуу оңой болгон жок, тыгындан бирин-бири укпай, ар бири өз "тиричилиги" менен алек. Азырынча видеонун кайсы күнү тартылып алынганы белгисиз.
Буга чейин да окурмандар "Элдик кабар" рубрикасына аталган көзөмөл-өткөрүү бекетиндеги бул көйгөйдү бир нече жолу билдиришкен. Айрым учурда кезек күтүү 5-6 сааттап созуларын, балалуулар жана кары-картаңдар үчүн мындай абал өтө эле оор экени айтылып келген.
14-майда порталдын окурманы Өзбекстандан келе жаткан эл чек арадан өтө албай 2 саат турушканын кабарлаган. Анын айтымында, "Достук" чек ара бекети себепсиз жабык бойдон турган. Өзбек чек арачылары тургундарды 15 мүнөттөй текшерип, өткөрүшкөн.