Депутаттар абитуриенттердин билим алуусу үчүн насыя берүүгө багытталган демилгени колдошту

Жогорку окуу жайына окууга каражаты жок абитуриенттерге насыя берүү сунушталууда. Буга багытталган мыйзамдын долбоору 21-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде биринчи окууда каралды. Демилгечи депутаттардын бири Аалы Карашев баяндама жасап, абитуриенттерге насыя берүүнүн зарылчылыгына токтолду. Анын белгилешинче, көпчүлүк мектеп бүтүрүүчүлөр каражатынын жоктугунан жогорку билимге ээ боло албай калышууда.

"Бул долбоорго алгачкы жылы болжол менен 500 студент камтыла турган болсо, бюджетен аларга кетүүчү чыгым 2 миллион 275 миң сомду түзөт. Бирок биз муну чектей албайбыз. Кийинки жылдары дагы көбөйүшү мүмкүн. Ал эми насыя берүүгө бардык эле банктар катыша алышат. Насыя 5 пайыз үстөк менен берилчү болсо, алып жаткан адам өзү төлөйт. Эгерде андан ашык пайыз менен берилсе, калганын мамлекет жабуусу кажет. Бирок абитуриент насыяны окуу жайды аяктап, иштеп баштагандан кийин төлөп берет", - деди Карашев.

Депутат Садык Шер-Нияз насыя алууну каалаган абитуриенттердин тизмеси электрондук тартипте ишке ашуусу керектигин билдирди. Ал эми Депутат Аида Касымалиева мыйзам долбоорунда коомдогу аярлуу катмардын балдары өзгөчө көңүлгө алынуусу зарыл экендигин кошумчалады.

Талкуу жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоого алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
fantomas
2018-05-21 23:15:34
Акмакчылык!!! Эгер шарты жок, бирок билим алууну каалаган жаштарды Окмот колдогусу келсе, анда дагы 5000 мин квота болсун Окмот, шарты жок окуучуларга. Ошол окуучуларды университеттер 5 жыл акысыз жатакана менен камсыздасын, ЖОЖдордо паракорлукту жойсун. Мына ушулар студенттерге чыныгы стимул.

Бирок Окмот эмне дейт, студент банктан насыя алып, аны кийин толосун деп жатат. Андан коро окууну акысыз кылып койсо болбойбу колунда жок студенттер учун? Анан да Окмот банктарды байытуунун амалында
+5
GOLOS
2018-05-22 10:12:09
fantomas, оной эле бекер кылуу, мектепти жакшы окуп, бюджетке тапшырып, дайым сабактан калбай окуса мына сага бекер окуу... ))) Шылтоо издебей аракет кылышсын жаштар!
+1
fantomas
2018-05-21 23:19:11
Мисалы Окмот биринчи жыл учун 2,25 миллион сом чыгым болот деп жатат. Бул чыгым кайда кетет, албетте банктарга, ортодогу проценттик айырманы жабуу учун. Бул болгону биринчи жыл учун гана. Кийинки жылдары кобойушу мумкун дейт. Демек Окмот 2-3 жылдан кийин жыл сайын банктарга 30-50 миллиондон толоп берип турса, бул пайдалуу келишимби?!!

Аалы Карашев студенттердин кызыкчылыгын ойлоп жатабы же банктардынбы?!!
+3
Zainidin96
2018-05-22 01:36:57
fantomas, туура айтасын кереги жок андайдын кылышса бекер кылсын кийин окуу жайды буткондо толошот дейт,болбогур нерсе бул лучше андай программаны тузбойле коюшсун кереги жок мындайдын,андай болсо жатакана,тамак аш маселесин чечип бергиле кыйын болсонор.

Кийин толойсунор дейт кийин ал иштейби же насыя толойбу кереги жок воопще Мисалы: азыр жалгыз жашап жалгыз чонойгондор апасын,атасын карап баккандар кийин кантет. Мындан башка ишинер жокпу кыларга.
+2
meku89
2018-05-22 03:28:26
Бюджеттик орунду кобойткуло андан коро. Мисалы бир адистикке 7 ден 15ке чейин эле болунот. Ага дагы акчасын толоп даярдангандар илинет. Баягы эле карапайым калктын балдары калат и контракта окугандар да ошолор. Ошондой эле контракт маселесин карагыла. 35-40минди толош да оор.
+1
abon
2018-05-22 17:36:22
meku89,туура айттыныз, контракт маселесин да кароо керек, айрыкча медик болом деген байкуштар 50-55 минден толойт, ал да жетпегендей Эми 11 жыл окуйт экен, эмне кереги бар ошону? бир дипломду алуу учун 1,5 -2 миллион расход кылса, анан айлыгы 5000 болсо, албетте паракорло кобойотта. (туура эмес пикир билдирген болсом кечирип койгула)
0
abon
2018-05-22 17:31:02
андай болуусу ото кыйын маселе. акчан жокпу окуба деген заман болуп калды, бары жокто акча роль ойнойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан