Бишкекте жаңы салынып жаткан көп кабаттуу имараттан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлап, кырсык тууралуу кабар бүгүн, 21-майда саат 21:43тө келип түшкөнүн билдирди.
"Алдын ала айтылган маалымат боюнча, шаардагы Аалы Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги жаңы салынып жаткан көп кабаттуу имараттан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылды. Кошумча маалымат берилет. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз", - деп айтылат маалыматта.